Кыргызстан аба майдандары ички каттамдарды уюштурууга даяр

Кыргызстан аба майдандары ички каттамдарды уюштурууга даяр.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирет.

Анын айтымында, кеп, Бишкек, Ош жана Тамчыдагы аба майдандар тууралуу болуп жатат.

Эртеңден тартып күнүнө 1 ирет аба каттам жүргүзүлө баштайт. Бирок билеттер көп сатыла баштаса

жумасына 4 ирет аба жолдору уюштурулушу ыктымал. Акышев кошумчалагандай,

каттамдарды жүргүзүү алгоритмине ылайык, аба майданга билети барлар гана киргизилет.

Учактагы жүргүнчүлөр бет кап тагынышы зарыл.