Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды

Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, айдоочулар кылмышты жашыруу үчүн же

«Коопсуз шаардын» айып пулунан качуу үчүн унааларына жасалма номур тагып алышат.

Мындай учурларда 30 миң сомго чейин айып салынат.

768 унаанын айдоочусу жасалма номур үчүн айып төлөсө,

мамлекеттин бюджетине 7 миллион 680 миң сом түшөт.

Учурда аталган машинелер айып токтотмого жеткирилди.