Шайлоолордун алкагындагы үгүт кампаниясында 104 бузуу катталды

Шайлоолордун алкагындагы үгүт кампаниясында 104 бузуу катталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр, шайлоолорду өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди.

 

Анын айтымында, бардык фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүүдө. Мадумаров белгилегендей, ыкчам кызматтар өлкөдөгү абалды көзөмөлдөп жатат. Эске салсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо ушул жекшемби, 4-октябрда өтөт.