Улуттук банк коммерциялык банктарды, каржылык-кредиттик уюмдарды, Кепилдик фондун, акча алмаштыруу жайларын кайрадан текшерип баштады

Улуттук банк коммерциялык банктарды, каржылык-кредиттик уюмдарды, Кепилдик фондун, акча алмаштыруу жайларын кайрадан текшерип баштады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жазылат.

 

Алсак, имараттар талаптарга туура келери, алмаштыруу операцияларына укуктары текшерилет. Эске салсак, рейддер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам июль айында убактылуу токтотулган болчу.