Шакира салык төлөөдөн качкан деген айып менен Барселона сотунда иши каралат

Колумбиялык ырчы Шакира салык төлөөдөн качкан деген айып менен Барселона сотунда иши каралат.

 

Аткаруучу Испаниянын салык органдарына каршы төрт кылмыш боюнча айыпталууда. Версияларга ылайык, ал 2012, 2013 жана 2014-жылдар үчүн киреше жана мүлк салыгы боюнча декларация тапшырган эмес.

 

Белгиленгендей, ырчы салык салынган акчаны да оффшордук эсептерине чыгарып салган. Бул иш боюнча 12 сот отуруму белгиленген. Отурумдун алкагында жүздөгөн күбөлөр көрсөтмө беришет.