Израилдин саламаттыкты сактоо министри коронавирус жуктуруп алды

Израилдин саламаттыкты сактоо министри Яаков Лицман коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, мекеменин расмий өкүлү министр жана анын жубайы тест тапшырган соң, экөө тең коронавирус жуктурганы аныкталган. Азырынча 71 жаштагы Лицман үй карантининде болуп, ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.

 

Белгилей кетсек, коронавирус эпидемиясынан улам Израилде жарандар үй карантининде отурушат. Чет өлкөдөн ким келсе да, милдеттүү түрдө 2 апталык изоляцияга жаткырылат.