Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачуу ниетинде

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачуу ниетинде.

Бул чара өлкөдө жетишпей жаткан тез жардам унааларынын жана атайын машиналардын

ишин жеңилдетүү үчүн. Учурда бул идеяны ведомстволор аралык комиссия карап жатат.

Эгер колдоо тапса бул кызматка таксопарктар жана медициналык эмес уюмдардын

унаалары тартылат. Алар бейтаптарга барган мобилдик бригаданы ташыйт.