Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына 500дөн ашык адамга мунапыс берди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жазасын өтөп жаткан 514 адамга мунапыс берди.

Бул ырайым Кадыр түндүн урматына жасалганын «Орток Түркмөнстан» басылмасы жазды.

Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка өткөн жумада өкмөттүн онлайн жыйын учурунда кол койгон.

Бул президенттин кызматка киришкенден берки биринчи жарлыгы экени айтылды.

Түркмөнстанда мунапыс берүү 1999-жылдан тарта киргизилген.

Учурда мамлекеттик майрамдардын же ар кандай маанилүү күндөрдүн урматына жазасын өтөп жаткандарга жылына үч-төрт ирет ырайым берилет.