Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн акчалай сыйлык алат.
Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча ар бир салмактан үч алдыңкы балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет.
Тактап айтканда, рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар, экинчиге 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң доллар бөлүнөт.
Рейтингде 60 кг салмакта биринчи орунда турган Жоламан Шаршенбеков 5 миң доллар, ал эми 77 кг салмакта тизменин экинчи сабында жайгашкан Акжол Махмудов 3 миң доллар алат.