Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануучу жайларды текшерүүнү күчөтүүнү сунуштоодо.
Башкы санитардык дарыгер Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, мунун себеби тамак-аштан уулануу көбөйүп жатканына байланыштуу.
Алсак, ушул жылдын 9 айында республика боюнча мындай 69 учур катталган.
Алардын 92 пайызы кафе-ресторандарда болгон.
Арыкбаева мындай көрсөткүчтөр мораторийдин натыйжасында алынганын, ага ылайык, санитардык кызматтар жаңы объектилерди жана ишканаларды ачылган күндөн тартып 3 жыл ичинде текшерүүгө укугу жок экенин белгиледи.
Мындан улам, дарыгерлер Оорулардын алдын алуу департаментин жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишканаларды текшерүүгө тыюу салынган мамлекеттик органдардын тизмесинен чыгарууну сунуштап жатышат.