Бишкектин конуштарын азык-түлүк жана гигиена каражаттары менен камсыздоо акимдердин көзөмөлү алдында. Мэриянын маалыматына ылайык, жалпысынан ордо калаада 47 жаңы конуш бар.
Анын ар биринде 30дай дүкөн иштеп жатат. Аларда азык-түлүктүн жетиштүү болушуна күн сайын көзөмөл жүргүзүлүүдө.