Швейцариядан поездде жүргүнчү 3 килограмм алтынды унутуп кетти

Швейцариядан поездде жүргүнчү 3 килограмм алтынды унутуп кетти. Учурда анын ээси изделүүдө. Ички иликтөөдө жүргүнчү табылбай, ал тууралуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланды.

 

Бирок алтындын анык ээси кантип аныкталары азырынча белгисиз. Швейцариядагы мыйзам боюнча жоголгон буюмдун ээси аны таап кайтарууга 5 жылдык мөөнөт берилет.

 

Жалпы баасы 191 миң долларды түзгөн бул байлык Санкт-Галлен-Люцерн темир жол каттамындагы поездде өткөн жылдын октябрь айында табылган.