Европада ички чек аралар ачыла баштады

Европанын бир катар өлкөлөрү дүйшөмбүдөн тартып март айынан бери жабык турган чек араларын ача баштады. Убагында коронавирустун очогуна айланган Италия менен Швейцарияда жарандарга 15-июнда эки жакка эркин каттаганга уруксат берилди.

 

Германия, Бельгия, Франция, Греция жана Чехия да бул күнү европалыктарга чек араларын ачты. Австрия шейшембиден тартып Европанын 30дай өлкөсүнөн келгендерди карантинге албай турган болду.

 

Европада коронавирустан катуу жабыркаган өлкөлөрдүн катарында турган Испания чек арадагы чектөөлөрдү 21-июнда алганы турат.

Европа өлкөлөрү бири-бирине чек араларын ачканы менен уюмга кирбеген көп мамлекеттердин жарандарына карата чектөөлөр калат. Маселен Франция Евробиримдиктен башка мамлекеттердин жарандарын 1-июлда гана кабыл ала баштайт.

 

Европада коронавируска чалдыккандар азайганы менен дүйнөдө илдеттин экинчи толкуну тууралуу тынчсыздануулар токтой элек.