Түштүк Кореяда айдоочусу жок уча турган таксилер сыноодон өттү

Түштүк Кореяда айдоочусу жок уча турган таксилер сыноодон өттү. Тестирлөө буга чейин анча чоң эмес аэродром жайгашкан бизнес-райондо болду. Дрон-таксилер туурасынан учуп, конот.

 

Алар 5 адамды салонго батырып, жеткире алат. Транспорт каражаты саатына 300 чакырым менен жүрөт. Жергиликтүү бийлик мындай таксилерди ишке киргизүү менен абанын булганышы азаят деген ниетте. Уча турган таксилер электро кыймылдаткыч менен жүрөт.