Синоптиктер Бишкекте эртең жана бүрсүкүнү өтө ысык болорун эскертет.
Алардын маалыматына ылайык, күндүз абанын табы +40 градуска чейин жетет.
Куткаруучулар ысык күндөрдө коргонуу эрежелерин эскертет. Колдон келишинче
түз тийген күн нурунан сактанып, эртең менен же кечкисин сейилдөө сунушталат.