Сокулук акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок.
Бул тууралуу аймактык башкармалыктан 24 агенттигине билдиришти.
Маалым болгондой, COVID-19 инфекциясына 40 кызматкерден анализ
алынып, бардыгы терс көрсөткүчтө. Алар үйлөрүнө кое берилди,
бирок көзөмөлдөө чаралары уланат. Кошумчаласак, аталган аймактан
коронавируска чалдыккан 1 бейтап катталгандан кийин, райондук
администрациянын кызматкерлери өз каалоолору менен изоляцияга алынган.