Өлкө боюнча обсервацияларда 2 миңге жакын орун дайындалды.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык,
алар «Манас» аэропортунда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаткырып
дарылоочу мекемелеринде, Беш-Күңгөй аскер госпиталында, «Эркечтам» жана
«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде, ошондой эле Ошто дагы бир катар
мекемелерде даяр. Белгилеп кетсек, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус
жуктурган алгачкы 3 адам катталды. Алар Сауд Арабиясынан учуп келишкен.