Кыргызстан Өзбекстандан гуманитардык жардам алды.
Өкмөт аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей,
анда 1 тонна ун, 7 миң коргонуучу костюмдар топтому,
респираторлор, кол кап, көз айнек жана тест-системалар бар.
Коронавируска каршы күрөчүү үчүн келген каражаттар азырынча
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасында сакталат.
Андан кийин макулдашууга ылайык, мамлекеттик
профилдик органдарга бөлүштүрүлөт.