Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 адам катталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, вирусту жуктургандар
Баткен жана Сузак райондорунун тургундары. Бейтаптар изоляцияналып,
дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат, — деди Исаков.
Эске салсак, буга чейин дагы 6 адамдан коронавирус аныкталган.
Учурда өлкө боюнча 12 адам изоляцияда.