Сонунбек Жунусбаев Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Сонунбек Жунусбаев Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аны дайындоо боюнча буйрукка бүгүн, 6-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.
Сонунбек Жунусбаев Ош шаарындагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт. Буга чейин бул кызматты Асылбек Топчубаев аркалап келген.