Ордо калаада жол чийиндерин түшүрүү боюнча жаңы технология сыналууда.
Кечээ “Бишкек асфальт сервистин” кызматкерлери жаңы аппараты колдонуп, Орозбеков жана Васильев көчө кесилишинде жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн жаңыртты.
Техниканын башкы өзгөчөлүгү – чийин тайгалак болбойт, — дешти мэриядан.