Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ал ошондой эле өз мекенине жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

 

Сыйлык медиктерге, куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине жана журналисттерге берилди.