Кыргызстан — Мьянма футбол беттешинде оюн талаасына чуркап чыккан күйөрмандын иши сотко өткөрүлөт.

Кыргызстан — Мьянма футбол беттешинде оюн талаасына чуркап

чыккан күйөрмандын иши сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу Биринчи май райондук

ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда,

30 жаштагы жарандын иши Жоруктар жөнүндө кодексте “майда бейбаштык”

боюнча каралууда. Ага акчалай түрдө айып салынышы мүмкүн. Эске салсак,

2015-жылы Австралиянын курамасы менен беттеш учурунда футбол талаасына

күйөрман чуркап чыккан. Ал үчүн 28 миң доллар төлөнгөн,

дешти Кыргызстан Футбол федерациясынан.