Кыргызстанда суунун аз келүү режими бир нече жылга созулушу мүмкүн

Кыргызстанда суунун аз келүү режими бир нече жылга созулушу мүмкүн. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурга карата Токтогул суу сактагычында дээрлик 15 миллиард кубометр нымдуулук бар. 2021-жылы суунун көлөмү андан дагы азайышы мүмкүн, — деди премьер.

 

Андыктан, бийлик азыртан көмүр, газ жана мазуттун жетиштүү запасын камдап коюшу керек. Өкмөт башчы Каржы министрлигине тез арада каржылоо суроолорун, ал эми профилдик органдарга жылуулук сезонуна жакшылап даярданууну тапшырды.