Кыргызстанда октябрь айы жаанчыл болот. Синоптиктердин айтымында, жаан-чачын нормадан көбүрөөк түшөт. Аба-ырайынын орточо нормасы 9-11 градусту түзөт. Айрым аймактарда 6 градуска чейин үшүк жүрөт.
Эгер октябрдын жарымы жылуу болсо, экинчи жарымы суук болот, — дешти Кыргызгидрометтен.