Спорт ордосунда Баткенге жардам чогултуу боюнча түзүлгөн штаб жабылды

Тажикстандын Баткендеги чек арасына кол салуусунан жабыркаган жарандарга жардам топтоо боюнча түзүлгөн Республикалык штаб өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат борборунун жетекчиси Назгүл Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Аталган штаб Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын имаратында иштеп жаткан.
«Мындан ары борбор калаанын төрт районунда консультативдик чакан штабдар иштеп баштайт, кайрылган жарандарга жардам берүү улантылат. Ал эми 1227 номериндеги күнү-түнү жооп берген байланыш борбору мурдагыдай тартипте иштейт», — деп айтылат маалыматта.
Баткен облусунун аймагындагы куралдуу кармаштан жабыркагандарга жана эвакуацияланган жарандарга жардам топтоо боюнча өлкөнүн бардык облус, райондорунда пунктулар ачылган. Алардын ичинен эң башкы пункт Спорт сарайында түзүлгөн.