Бишкекте 2 мектепте кошумча корпустар курулуп, колдонууга берилди

Бишкекте 2 мектепте кошумча корпустар курулуп, колдонууга берилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык,  №40 орто мектептин кошумча имаратынын аянты 4 миң чарчы метрден ашып, 500 окуучуга ылайыкталган.

 

Ал эми  №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараты 600 окуучуга ылайыкталып, аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

 

Аларда окуу класстарынан тышкары спорт жана жыйындар залы дагы каралган.