Стамбулдагы терактыга тиешеси бар деген 17 шектүү камалды

Стамбулдагы сот шаардын Истиклал көчөсүндөгү терактыга тиешеси бар деген 17 шектүүнү камакка алганын Anadolu басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Бейшемби күнү Стамбулдун прокуратурасы 17 шектүүнү суракка алып бүтүп, аларды камоону талап кылганы айтылган.
«Терактыга тиешеси бар деп шектелген 17 адам камалды. Булардын ичинде терактыны жасоо иштерин аткарды деген Ахлям аль-Башир дагы бар», — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан бул ишке 49 адам шектелип жатат. Прокуратура алардын 29уна өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Камакка алынгандарга «Атайын киши өлтүрүү», «Атайын өлтүрүүгө аракет кылуу», «Киши өлтүргөн адамга жардам берүү», «Мамлекеттин бүтүндүгүн жана эркиндигин бузуу» беренелери боюнча айып тагылган. Ал эми Ахлям аль-Башир суракта бомба салынган сумкасын шеригинин буйругу менен таштап, дүкөндө атыр карап жүргөнүн билдирген. Жарылуу болгондо такси кармап качып кеткен. Жарылууну ал таксист көрсөткөн сүрөттөн гана көргөнүн айткан.
Эске салсак, 13-ноябрда саат 16:00дөн оой Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири Истиклал көчөсүндө жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашкан. Окуядан көп өтпөй көчөгө бомба таштап кетиши мүмкүн деген аял кармалганы кабарланган. Шектүү Күрдстан жумушчу партиясынын Сириядагы филиалы менен байланышы бар экенин моюндаган. Yeni Şafak гезити терактыны уюштурду деп шектелип жаткан сириялык Ахлам Альбашир америкалык аскерлер окуткан чалгын мектебинде билим алганын жазган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган терактынын уюштуруучулары жазасыз калбай тургандыгын айткан.