Россияда коронавирус боюнча чектөөлөр алынды

Россияда коронавирус пандемиясынан улам кирген бардык чектөөлөр алынды, анын ичине бет кап кийүүнү талап кылган тартип жана коомдук тамактануу жайларынын түндөп иштешине салынган тыюу эми күчүн жоготту. Бул туурасында Роспотребнадзордун маалымат кызматы билдирди.
«Эпидемиялык абалдын жакшырышынан улам Роспотребнадзор буга чейинки киргизилген чектөөлөрдү алат, тагыраагы, токтотот. Анын ичинде бет кап кийүүнү талап кылган тартип жана коомдук тамактануу жайларынын түндөп иштешине салынган тыюу да бар болчу, эми алар жана башка чаралар алып салынды», — деп айтылган таратылган маалыматта.
Акыркы төрт айда Россияда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу ылдыйлаган. Коронавирус боюнча апталык көрсөткүч февралдын ортосунда көп чыккан санга салыштырмалуу 64 эсе кыскарып, пандемиянын башындагы минималдык чекте болгон.
Ведомстводон абал тыкыр көз салууда турганын белгилешти. Эгерде COVID-19 боюнча кырдаал кыйындап кетсе, алынган чектөөлөрдү кайра киргизе тургандыктарын билдиришкен.
Коронавирустун жайылышына каршы иш алып барган штабдан Россияда 29-июнга карата COVID жуктурган 3 106 учур катталып, 56 адам көз жумгандыгын айтты.