Кытайда коронавируска шектүүлөр өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылса 1,5 миң доллардан берилет

Кытайда коронавируска шектүүлөр өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылса

1,5 миң доллардан берилет. Эгерде ооруну медицина кызматкерлери аныктаса,

акча төлөнбөйт. Ал эми жөн гана текшерилгени барган жарандарга

150 доллар төлөнмөкчү. Цинзян шаарынын мындай тажрыйбасын башка

шаарлар да колдонуп башташты. Бирок ар кайсы шаар ар түрдүү

сумманы атап жатат. Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус

илдети кытайдын өзүнө караганда башка өлкөлөрдө тез жайылып жатат.