Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей,

алар Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары. Бейтаптар изоляцияланып,

дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Алар кичи ажылык сапардан кайтып келишкен.

Белгилеп кетсек, өлкө боюнча коронавирус жуккан жалпы 6 бейтап бар.

Вируска кабылган алгачкы 3 адам 18-мартта жарыяланган.

Алар дагы умрадан келишкен болчу.