Кыргызстанда бала асырап алгандарга төлөнүүчү акынын көлөмү жогорулатылды.
Сумма учурда 18 миң 757 сомду түзөт, — деп билдирет эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова. Анын айтымында, баланы багып
алуучу үй-бүлө атайын окуудан өтүп, ийгиликтүү аяктаганда гана келишимдин
негизинде баланы убактылуу тарбиялайт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда
30дан 65 жашка чейинки ар бир жаран багып алуучу боло алат.
Келишимдин негизинде 3 баланы убактылуу тарбияласа болот