Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев кызматтык унааларын дарыгерлерге тапшырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, машинелер бириккен аймактык ооруканасына жана үй-бүлөлүк медицина борборуна берилди.
Андан тышкары, ИВЛ аппараттарын, кычкылтек концентраторун сатып алууга шаар бюджетинен 5 миллион сом бөлүндү.