Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде унаалардын жүрүүсүнө бүгүнтөн тарта убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Мунун себеби оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Бүгүн туннель эртең мененки саат 10дон 12ге чейин жана 2ден 4кө чейин жабылат.
Ал эми эртеңден баштап 27-июлга чейин түнкү саат 11ден 1ге чейин жана 2ден таңкы 4кө чейин чектөөлөр киргизилет.
Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болот.