Чолпон-Атада Мухтар Ауэзовдун бюсту ачылды

Чолпон-Ата шаарындагы казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, экс-президент Роза Отунбаева жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Маалымат үчүн: Белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзов 1959-жылдан 1961-жылга чейин музей катары иштеп жаткан бул үйдө иштеп, жашаган.

1970-жылы анын урпактары ал үйдү Чолпон-Ата шаарынын музейинин фондуна өткөрүп, анда Ауэзовго арналган музейди түзүү чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Мухтар Ауэзовдун үй-музейи шаардын маданий борбору болуп саналат, анда казак жана кыргыз элдеринин тарыхы, мурастары менен таанышууга болот.

Мындан тышкары, үй-музейде кичи китепкана жана көргөзмө залы бар, анда жазуучунун жеке буюмдары коюлган.