Кыргызстанда 40 миңден ашык жаран эң төмөнкү пенсия алат

Кыргызстанда 40 миңден ашык жаран эң төмөнкү пенсия алат.

Бул тууралуу соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөдөгү эң аз пенсия – 1,5 миң сомду түзөт жана

ал эч жерде иштебеген жарандарга берилет. Ал эми эң жогорку

пенсия 179 миң сом, учурда ал бир гана адамга чегерилип жатат.

Бул пенсияонердин өздүгү айтылбайт. Белгилеп кетсек,

Кыргызстанда эркектер 63 аялдар 58 жаштан баштап

пенсияга чыгат. Учурда 700 миңден ашык пенсионер бар.