Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.

 

Өлкө башчынын айтымында, 4 миң сомдук пособие октябрда 6 миң сомго, ал эми кийинки жылдан тарта 8 миң сомго көтөрүлөт.

 

Андан тышкары, ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөк пулу 2022-жылы 3 эсе жогорулайт, — деди Жапаров.

 

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда   180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек.