Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолдун курулушу уланууда

Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолдун курулушу уланууда. Унаа жана транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери анын 9 чакырымы курулду.

 

Пандемияга байланыштуу, иштер графиктен кечигүү менен аткарылып жатат. Эске салсак, Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы түндүк-түштүк  альтернативалык жолунун узундугу  433 чакырымды түзөт.

 

Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.