Түп-Кеген жолун жана Каркыра жайлоосуна карай трассаны оңдоо боюнча долбоор жыл аягына чейин башталат

Түп-Кеген жолун жана Каркыра жайлоосуна карай трассаны оңдоо боюнча долбоор жыл аягына чейин башталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылаык, программаны ишке ашыруу 55 миллион долларга бааланат.

 

Ведомствонун планында ошодой эле Ысык-Көлдө 5 туристтик сервис-борборлорду жана геопарктарды куруу бар.

 

Долбоорду ишке ашырууга каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берет. Акчанын бир бөлүгү кредит болсо, калган бөлүгү кайтарымсыз негизде ыйгарылат.