Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсү калыбына келтириле баштады

Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсү калыбына келтириле баштады.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, долбоордун жалпы суммасы 74 миллион сомду түзөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, аталган көчө бир гана заманбап жол болбостон,

туристтик тармактын өнүгүшүнө салым кошкон тилке болушу керек. Жергиликтүү

бийлик өкүлдөрү белгилешкендей, жакынкы аралыкта чет өлкөлүк

туристтерди жаңы трассада тозуп алууга мүмкүн болот.