Улуттук банк жыл башынан бери 345 миллион доллар сатты. Эл аралык валютага чыгууга доллар курсунун серпилүүсү себеп болот. Соңку интервенция 29-октябрда өткөрүлүп, анда 42 миллион 400 миң доллар сатылды.
Бул аракет улуттук валютаны колдоо максатында ишке ашууда. Бир айдан бери 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллар 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен.