Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын кире беришиндеги жол түздөлдү.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпысынан 1 чакырымдан ашык тилке ремонттолду.
Иштерди аймактык жол тейлөө ишканасынын кызматкерлер жүргүзүштү.
Оңдоо жумуштарына каражат жеке демөөрчү тарабынан бөлүнүп берилди.
Эми 3 күндүн аралыгында Ат-Башы, Бирлик, Ак-Моюн, Ак-Муз айылдарынын жолдору түздөлөт.