Бишкекте “П” түрүндө салынып жаткан веложолчонун курулушу уланууда

Бишкекте “П” түрүндө салынып жаткан веложолчонун курулушу уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, Манас, Чүй жана Байтик Баатыр көчөлөрүн бойлой төшөлүп

жаткан веложолчонун узундугу 18 жарым чакырымды түзөт. Учурда Чүй проспектиси

боюнча курулуш толугу менен аяктады. Азыр Манас проспектиси жана Абдрахманов көчөсү

боюнча иштер аткарылууда. Курулуш 15 күндүн ичинде аяктап калат.