Унаа жана жолдор министрлиги жарандарды Арал – Казарман тилкеси аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк альтернативалык трассасынан жүрүүдөн баш тартууга чакырат

Унаа жана жолдор министрлиги жарандарды Арал – Казарман тилкеси аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк альтернативалык трассасынан жүрүүдөн баш тартууга чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, курулуш жүрүп жаткан тилкелерден унаалардын өтүшү иштерди үзгүлтүккө учуратып жатат.

 

Кийин аткаруучу компания коопсуздук эрежелери бузулгандыгы үчүн компенсация талап кылышы мүмкүн.

 

Андыктан, айдоочуларга Арал – Казарман тилкеси аркылуу жумуштар толук аягына чыкканча, өтүү сунушталбайт.