Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу жакынкы аралыкта башталат.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун алкагында
12-июнда өлкөгө кытайлык адистер келет. Алар карантин киргизилгенде токтоп калган
тилкелердеги иштерди кайрадан улантышат. Эске салсак, түндүк-түштүк трассасын куруу иштери
2014-жылы башталган. Долбоор 3 этапка бөлүштүрүлгөн. Учурда биринчи жана
экинчи этаптын алкагындагы иштер 70 пайызга аткарылды.