Кыргызстанда электробус чыгара турган унаа заводу ишке кирди

Ошто электробус чыгара турган унаа заводу ишке кирди.

Президенттин аппаратынан билдиргендей, анда Кыргызстандан алгачкы ирет

электр энергиясы менен журүүчү автобус чыгарылат. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай,

айыл чарба тармагы үчүн техникалар өндүрүлүп жатат. Трансформатор менен акылдуу

эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө. Анда ошондой эле чакан жана

чоң гидроэлектрстанциялар үчүн жабдуулар да чыгарылууда. Заводдо учурда 500 жумуш оруну түзүлдү,

курулуштун экинчи этабы бүткөндө ал 5 миңге чейин жетет.

Курулуш иштеринин биринчи этабына 20 миллион доллар сарпталды.