Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 миң 791 имарат калыбына келтирилбей бузулат.
Бул тууралуу Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун маалыматына таянып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.
“Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген маалыматына ылайык, жер титирөөлөрдүн натыйжасында учурда 993 бала ата-энесиз калган, алар балдар үйлөрүндө. 369 баланын ата-энеси аныкталып, балдар аларга өткөрүп берилди”, — деди элчи.