Өзбекстанда Twitter, WeChat жана VK социалдык түйүндөрү расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды

Өзбекстанда 1-августтан тарта Twitter, WeChat жана VK (Вконтакте) социалдык түйүндөрү расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды.

Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, учурда өзбек бийлиги TikTok платформасы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эске салсак, коңшу мамлекетте былтыр, 2-июлда «Персоналдык маалыматтар тууралуу» мыйзамдын 27-беренесинин талабына байланыштуу айрым соцтүйүндөрдүн ишине чектөө киргизилгени кабарланган.