Ошто 51 объект санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн кайра жабылды

Ошто 51 объект санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн кайра жабылды. Түштүк калаанын вице-мэри Саибжан Турдуев билдиргендей, шаарда нотариустарга, лабораторияларга, ломбарддарга, курулуш жана азык-түлүк базарларына жана акча алмаштыруу жайларына иштөөгө уруксат берилген.

 

Бирок алардын көбү ачылгандан кийин санитардык талаптарды аткарган эмес.

 

Андыктан, айрымдары кайра жабылды, кээ бирлерине айып салынды. Бузуулар жоюлгандан кийин объектилер ишин жандандырса болот.