Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 2 күндөн кийин соңуна чыгат

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 2 күндөн кийин соңуна чыгат.  Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, убактылуу кагаздарды туруктуу айдоочу күбөлүктөрүнө 15-февралга чейин алмаштыруу керек.

 

Жетишпей калгандар күбөлүгү жок катары айып төлөөгө аргасыз болот. “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп, документ алмаштырууга арыздарды кабыл алууда. Арыздар Чокан Валиханов 2 дарегинде кабыл алынат, ал эми даяр күбөлүктөр №4 калкты тейлөө борборунда тапшырылат.